КЕРЕКТҮҮ МААЛЫМАТ


МАМЛЕКЕТТЕР БОЮНЧА МААЛЫМАТ
ПАЙДАЛУУ МААЛЫМАТ
КӨП БЕРИЛҮҮЧҮ СУРООЛОР (FAQS)
ВИЗА ТҮРЛӨРҮ ЖАНА ТИПТЕРИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
КАЙРЫЛУУЛАРДЫН ҮЛГҮЛӨРҮ

Бул бөлумдө чет мамлекеттик жарандардын Кыргыз Республикасынын визасын алуу боюнча жалпы маалыматы көрсөтүлгөн. Маалымат алуу үчүн, мамлекетти тандаңыз. Жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын визасын алуудан бошотулган айрым мамлекеттер тууралуу маалыматты да көрө аласыз.

Кытай Эл Республикасынын Макао жана Гонконг Атайын административдик райондорунун туруктуу жашоочулары (жарактуу жүрүү документинин ээлери) 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат.
Мальдив жарандарына (жарактуу жүрүү документинин ээлери) 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат.


Режими Жалпы жарандык паспорту Кызматтык паспорт Дипломатиялык паспорт Жалпы жарандык паспорту *
Кыргыз Республикасын визасын алуу тартиби тууралуу жана башка керектүү маалыматтарды, ошондой эле чет мамлекеттик жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби жөнүндөгү маалыматты "Мамлекеттер тууралуу маалыматтар" бөлүмүнөн көрө аласыздар
Чет мамлекеттик жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына келгенден кийин 5 күндүк мөөнөт ичинде каттоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан каттоодон өтүүсү керек.
Виза үчүн болгон төлөмдү кредиттик жана дебиттик карталары аркылуу жасоого болот. Кредиттик жана дебиттик картаңыз сөзсүз түрдө Сизге таандуу болушу талап кылынбайт. Сураныч, кредиттик картаңыздын эл аралык төлөмдөрдү аткарууга мүмкүнчүлүгү бар же жок экендигин текшерип койуңуз.
Электрондук визаны алуу үчүн берилген арызыңызда ката жок экендигин дагы бир ирет текшериңиз. Туура эмес жана ката толтурулган арыздар каралбайт.
Арызыңыз катанын кесепетинен четке кагылса, электрондук визага болгон төлөм кайтарылбайт
Туристтик топ визасы 15 кишиге чейин каралып 1 айлык мөөнөткө чейин берилет
Кошумча суроолор жаралган учурда, төмөнкү номерлерге кайрылууңуздарды суранабыз:
+996703428865
+996999312002

e-Visa
Е-виза деген эмне?

Е-виза бул Кыргыз Республикасына кирүү үчүн уруксат алуунун эң жөнөкөй ыкмасы. Бул үчүн онлайн билдирмени толтуруп, кредиттик/дебеттик карт аркылуу төлөө гана зарыл. Ушул портал аркылуу тастыктоону алгандан кийин электрондук визанын колдонуудагы мөөнөтү ичинде Сиз Кыргыз Республикасына кире аласыз.


Электрондук визаны ким ала алат?

Белгилүү бир мамлекеттердин жарандары зарыл талаптарга жооп берген шартта электрондук виза ала алышат. Электрондук виза алуу мүмкүнчүлүгү боюнча маалымат алуу үчүн «Өлкөлөр боюнча маалымат» бөлүгүнө өтүп, өлкөнү тандаңыз.


Транзиттик аймактан чыгып кетүүнү пландаштырбаган учурда электрондук виза алуунун зарылчылыгы барбы?

Жок. Эгер сиз транзиттик аймактан чыкпасаңыз, виза алуунун кажети жок.



Билдирме берүү
Билдирме берүүдө тилди тандай аламбы?

Жок, сиз билдирмени англис тилинде толтурууга тийишсиз.


Билдирмени бергенден кийин гана мен айрым маалыматтарды оңдоо керек экендигин көрдүм. Эмне кылуум керек?

Билдирме берүү процесси бир нече кадамдан турат. «Алдын ала кароо» бөлүгүнөн сиз толтурулган маалыматтарды текшерип, зарыл болсо оңдоолорду киргизе аласыз. Төлөгөндөн кийин сиз өзгөртүү киргизе албайсыз.


Мен билдирменин биринчи бөлүгүн толтуруп, электрондук почтама тастыктоо кодун алдым. Тастыктоо үчүн убакытта кандайдыр бир чектөөлөр барбы?

Ооба, тастыктоо кодунун мөөнөтү 72 саатты түзөт. Сиз электрондук почтаңызга тастыктоону алгандан кийинки 72 саат ичинде тастыктоону аткарууңуз керек. Болбосо, сиздин билдирмеңиз жокко чыгарылат жана сиз билдирмени жаңыдан толтурууга туура келет.


Эгер мен электрондук визага билдирмени толук толтурбай калтырып койсом, кийинчерээк аны толтурууну уланта аламбы?

Ооба. Сиз «Билдирмени улантуу» бөлүгүнө кирип, электрондук почтаңызга жөнөтүлгөн өздүк номериңизди киргизүүңүз зарыл. Андан соң сиз токтогон бөлүккө өтө аласыз.


Мен электрондук визага билдирменин статусун кантип биле алам?

Сиз билдирменин статусун ушул бөлүктөн биле аласыз. Болгону «Статусту текшерүү» бөлүгүнөн «өздүк номериңизди» киргизиңиз. Сиз билдирмеңиздин статусу тууралуу маалымат ала турган «Билдирменин статусу» бөлүгүнө өтөсүз.



Кетирилген каталар
Мен билдирмени толтурдум, бирок тастыктоо кодун ала алган жокмун?

Электрондук почтаңыздан «спам» папкасын текшериңиз. Эгерде анда каттар жок болсо, сиз жаңы билдирме толтуруп, башка электрондук даректи көрсөтүңүз.



Төлөө/кайтарып берүү
CVV/CVC/CVC2 деген эмне?

CVV/CVC/CVC2 VISA картынын артынан табууга болот, бул карт ээсинин кол тамгасынын жанындагы жети орундуу сандын акыркы үч саны.


Электрондук виза канча турат?

Визанын баасы анын категориясына жана мөөнөтүнө, ошондой эле орток бөлүнүшүнө жараша болот.


Электрондук визага кантип төлөсөм болот?

Маалыматтар текшерилип, билдирме тастыкталгандан кийин «Төлөө» бөлүгү пайда болот, андан сиз электрондук төлөм системасы аркылуу төлөй аласыз.


Картта менин атым болууга тийишпи?

Жок. Электрондук визага төлөө үчүн кредиттик/дебеттик картта сиздин атыңыздын болушу милдеттүү эмес.


Мен төлөнгөндүгү тууралуу эсеп ала аламбы?

Биз электрондук визага төлөнгөндүгү тууралуу эсеп бере албайбыз. Төлөнгөндөн кийин сиз электрондук дарегиңизге төлөнгөндүгү тууралуу тастыктоо аласыз. Тастыктоодо төлөнгөн сумма жана билдирмедеги маалыматтар көрсөтүлөт.


Электрондук визаны берүүдөн баш тартылган учурда мага акчамды кайрып беришеби?

Жок. Жыйынтыкка көз карандысыз, электрондук визага төлөнгөн каражат билдирме ээсине кайтарылып берилбейт.


Электрондук визадагы маалыматтар менен паспорттогу маалыматтар дал келбегендигин байкадым. Мен электрондук визамдын жараксыз экендигин билем. Акчамды кайра ала аламбы?

Жок. Билдирме ээси билдирмедеги кемчиликтер үчүн өзү жооп берет.


Эгер мен электрондук визаны колдонбосом, акчамды кайрый аламбы?

Жок. Электрондук визага төлөнгөн каражат кайтарылып берилбейт.



Документтерге карата талаптар.
Электрондук визага кандай документтерди берүү зарыл?

Сизге колдонуудагы жол жүрүү документи, сүрөт, кредиттик\дебеттик карт зарыл болот. Мындан тышкары, суралып жаткан визанын категориясына жана түрүнө жараша кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.


Документтер кайсы тилде сунушталууга тийиш?

Бардык документте кыргыз же орус тилине которулууга тийиш.



Жүргөн мезгили/ визанын колдонуудагы мөөнөтү
Визанын колдонуудагы мөөнөтү менен келүү мөөнөтүнүн ортосундагы айырма канчалык?

Визанын колдонуудагы мөөнөтү келүү мөөнөтүнөн көбүрөөк. Колдонуудагы мөөнөт катары визаны колдонгон биринчи жана акыркы күндөр белгиленет. Виза колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнү бүтөт. Келүү мөөнөтү –бул сиз визаны колдонуудагы мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн мезгил аралыгы.


Колдоо кызматы/техникалык жардам
Мен капысынан электрондук визага менин билдирмемдин өздүк номери жөнөтүлгөн электрондук почтадагы билдирүүнү өчүрүп алдым. Эмне кылуум керек?

Бул маселе боюнча колдоо кызматына кайрылыңыз.


Виза тууралуу маалымат

Дипломатиялык виза («D» тиби) чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасына кызматтык (расмий) иштер боюнча кирген дипломатиялык паспорттордун ээлерине таризделет:
- чет мамлекеттердин, өкмөттөрдүн башчыларына, алар менен бирге жүргөн алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрүнө – 90 күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде дипломатиялык же консулдук кызмат орундарын ээлеген адамдарга, ошондой эле дипломатиялык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланган Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызмат адамдарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарына жана багуусундагы ата-энелерине) – 1 жылдан ашпаган мөөнөткө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
- чет өлкөлүк дипломатиялык курьерлерге – 90 календардык күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде.

Кызматтык виза («O» тиби) чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасына кызматтык иштер боюнча кирген кызматтык (расмий) паспорттун ээлерине таризделет:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча – 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө;
- Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналынын мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарына жана багуусундагы ата-энелерине) – 1 жылдан ашпаган мөөнөткө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
- дипломатиялык почтаны ташыган чет өлкөлүк курьерлерге, дипломатиялык паспорту жок болгон учурда – 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибинин негизинде;
- ТИМде аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн же консулдук мекемелеринин кызматкерлеринин багуусундагы 18 жаштан жогору курактагы балдарга жана ата-энелерге (жубайынын жакын туугандарына) – виза үчүн акы төлөгөн шартта паритеттик негизде чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин өтүнүчү боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө.

Инвестициялык виза («I» тиби) Кыргыз Республикасында инвестициялык иш жүргүзгөн жана өндүрүштүк, өнөр жайлык, айыл чарбалык, банктык, энергетикалык, билим берүү, медициналык жана инженердик-курулуш максаттары, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн арналган акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын күбөлөндүрүүчү зарыл документтерди берген инвесторго же чет өлкөлүк инвестициялык компаниялардын башчыларына таризделет:
- 5 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө, эгерде арыз ээси өлкөнүн экономикасына 10 000 000 (он миллион) сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо;
- 10 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө, эгерде арыз ээси өлкөнүн экономикасына 20 000 000 (жыйырма миллион) сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо.

Атайын эмгек визасы («SW1» жана «SW2» типтери) тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эмгек ишин жүзөгө ашыруунун башка тартиби белгиленген арыз ээсине таризделет.
- «SW1» тиби – алар берген технологиялык жабдууларды монтаждоо (шеф-монтаждоо), оңдоо үчүн түзүлгөн макулдашууларды (келишимдерди) Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашыруунун алкагында чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан жиберилген иш сапарда жүргөн кызматкерлер үчүн – 1 жылга чейин узартуу мүмкүндүгү менен 60 календардык күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө. Виза үчүн төлөм, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Убактылуу жобонун 5-тиркемесине ылайык аныкталат.
- «SW2» тиби – тиешелүү мамлекеттик органдын өтүнүчү болгон учурда журналисттер, кабарчылар жана кайрымдуулук фонддорунун кызматкерлери үчүн – 1 жылга чейин узартуу мүмкүндүгү менен 60 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө.

Окуу визасы («S» тиби) окуудан өтүү үчүн – 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.

Айдоочулук виза («T» тиби) эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына жүк ташуучу автотранспорт менен кирген чет өлкөлүк жарандарга таризделет. Айдоочулук виза арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагында бир сапар үчүн 30 күндөн ашык эмес болуу шарты менен 6 айга чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде же өз ара түшүнүү принциптеринде башкача белгиленбесе.

Туугандар визасы («RL» тиби) жакын туугандарына баруу же үй-бүлөнү бириктирүү үчүн – 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.
- Зарыл болгон учурда качкын деп таанылган адамга ырастоочу документтери бар болсо, улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу боюнча 60 календардык күнгө чейинки мөөнөткө чыгуу/кирүү бир жолку Туугандар визасы таризделет.

Мекен визасы («M» тиби) этностук кыргыздарга, кийин «кайрылман» статусун алуу мүмкүндүгү менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулган адамдарга Кыргыз Республикасына келүү же кайтып келүү үчүн – 1 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.
- Зарыл болгон учурда «кайрылман» статусу бар адамга улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча 1 жылга чейинки мөөнөткө чыгуу/кирүү мекен визасы таризделет.

Диний виза («R» тиби) диний уюмдар менен кызматташуу линиясы боюнча Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген миссионерге, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаты болгон учурда, – 60 календардык күнгө чейинки мөөнөткө берилет.

Чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза («FF» тиби) «Кызматтык» («O» тиби), «Инвестициялык» («I» тиби), «Атайын эмгек» («SW1», «SW2» типтери), «Туугандар визасы» («RL» тиби), «Окуу» («S» тиби) категорияларындагы визалар, «Санариптик көчмөн» «Digital nomad» («DN» тиби) визасы, ошондой эле Бирдиктүү уруксаттын, резидент-картанын, жашап турууга уруксаттын же болгон жери боюнча каттоонун (Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун визасыз режими жайылтылган мамлекеттердин жарандарына карата) же «кайрылман» статусунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгон арыз ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чейинки балдарына, жашы жете элек балдардын ата-энелерине, ошондой эле майыптыгы бар балдарга жана багуусунда болгон ата-энелерге) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин же жеке ишкердик ишти, ошондой эле пайда алууга байланышкан башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу укугусуз – 90 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.
- Инвестициялык визанын («I» тиби) негизинде болгон арыз ээсинин үй-бүлө мүчөсүнө чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза («FF» тиби) консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды албастан инвестициялык визанын («I» тиби) колдонуу мөөнөтүнө таризделет.

Транзиттик виза («TR» тиби) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө транзиттик өтүү үчүн – 3 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.

Чыгуу визасы («L» тиби) Кыргыз Республикасынан чыгуу үчүн арыз ээсине мөөнөтү өткөн болуу мезгилин толуктоону эске алуу менен – төмөнкү учурларда 10 күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык виза же визасыз режим менен аныкталган болуу мөөнөтүн жана эрежелерин бузуу;
- визаларды, Бирдиктүү уруксатты жана резидент-картаны тариздөөдөн баш тартуу же жокко чыгаруу;
- убактылуу же туруктуу жашап турууга уруксатты тариздөөдөн, узартуудан баш тартуу же жокко чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү мекемесинде окууну токтотуу же окуудан чыгаруу, окууну аяктоо;
- инвестициялык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ырасталган инвестициялык ишти токтотуу;
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан ыктыярдуу чыгып кетүүнү каалаган учурда башпаанек издеген, «кайрылман» статусуна ээ же качкын деп таанылган адамдын кайрылуусу.

Шашылыш чыгуу визасы («E» тиби) медициналык корутунду жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнүчү болгондо арыз ээсинин өз алдынча чыгуусуна (орун которуусуна) тоскоол болгон катуу ооруга туш болгон же ден соолугу оор абалда болгон учурда тариздөө үчүн акы албастан – 10 күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.

Санариптик көчмөн визасы («DN» тиби) санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга, же маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген «Санариптик көчмөн» «Digital nomad» статусунун ээсине – 1 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.

Ишкердик визасы («B» тиби) сүйлөшүүлөр, конференциялар жана кеңешмелер сыяктуу ишкердик иш-чараларга, спорттук иш-чараларга катышууну, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын чакыруусу боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууну кошо алганда, пайда алууга, эл аралык уюмдарга байланышпаган максаттарда 90 календардык күнгө чейинки мөөнөткө кыска мөөнөттүү болуу үчүн таризделет. Ишкердик виза Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик же жеке ишкердик ишти, ошондой эле пайда алууга байланышкан кандай болбосун башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укук бербейт.

Туристтик виза («TS» тиби) туризм максатында кыска мөөнөттүү болуу үчүн – 30 календардык күнгө чейин колдонуу мөөнөтүнө таризделет.

Сапар визасы («J» тиби) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруучу сүйлөшүүлөр, конференциялар жана кеңешмелер сыяктуу ишкердик иш-чараларга, спорттук иш-чараларга катышуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүйөлөштүрүлгөн өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген арыз ээсине – 1 жылга чейин колдонуу мөөнөтүнө, аны узартуу мүмкүнчүлүгү менен таризделет. Сапар визасы Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик же жеке ишкердик ишти, ошондой эле пайда алууга байланышкан кандай болбосун башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга укук бербейт.



Бирдиктүү уруксат – эмгек визасы, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат жана жумушка уруксат тууралуу маалыматтарды камтыган, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чет өлкөлүк жумушчуга электрондук тартипте берилген жана атайын окулуучу QR-коду бар документ.

Жарандын кайрылуусу

Юридикалык жактын кайрылуусу

Кыргыз Республикасына туристтик максатта барган учурда Сапар визасына (J-тиби) арыздын үлгүсү – (жеке арыз, туристтик уюмдан өтүнүч кат, ошондой эле КР жаранынан өтүнүч кат)

Ишкердик максат менен Кыргыз Республикасына келе жаткан учурда Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын Сапар визасына (J-тиби) арызынын үлгүсү

Сапар визасын (J-тиби) тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында катталган медициналык мекеменин жазуу түрүндөгү кайрылуусунун үлгүсү

Чет мамлекеттик ишкерлерди чакырууга укугу бар юридикалык жактан Бирдиктүү уруксатка арыз

Чет мамлекеттик ишкерлерди чакырууга укугу жок Жеке ишкерден Бирдиктүү уруксатка арыз





Жарандын кайрылуусу(расмий тилде)

Юридикалык жактын кайрылуусу(расмий тилде)

Кыргыз Республикасына туристтик максатта барган учурда Сапар визасына (J-тиби) арыздын үлгүсү – (жеке арыз, туристтик уюмдан өтүнүч кат, ошондой эле КР жаранынан өтүнүч кат)(расмий тилде)

Ишкердик максат менен Кыргыз Республикасына келе жаткан учурда Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын Сапар визасына (J-тиби) арызынын үлгүсү(расмий тилде)

Сапар визасын (J-тиби) тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында катталган медициналык мекеменин жазуу түрүндөгү кайрылуусунун үлгүсү(расмий тилде)

Чет мамлекеттик ишкерлерди чакырууга укугу бар юридикалык жактан Бирдиктүү уруксатка арыз(расмий тилде)

Чет мамлекеттик ишкерлерди чакырууга укугу жок Жеке ишкерден Бирдиктүү уруксатка арыз(расмий тилде)



Резидент Карта:

Расписка физического лица о получении Платежной Карты

Заявление: Анкета на выпуск карты физическим лицам